Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:05

Киров суу сактагычында суу кескин азайганы кабарланды


Киров суу сактагычы.

Таластагы Киров суу сактагычында 80 млн. куб метрге жетпеген суу калганын "Азаттык" радиосуна ошол тармакта иштеген, бирок атын атагысы келбеген адис кабарлады. Анын айтымында, ал жерден учурда 5 млн. куб метр суу агып чыгууда жана өтө азайып кетүү коркунучу пайда болду.

Жергиликтүү бийлик буга комментарий бере элек.

Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан эки эсе аз экенин июль айында «Азаттыкка» облустагы суу чарба башкармалыгы билдирген болчу.

Манас районунун акимчилиги абал сугат иштерине кедергисин тийгизбегенин айтууда. Бирок буга чейин райондогу айрым дыйкандар суу тартыш болуп жатканы тууралуу даттанышкан.

Былтыр октябрда Таластын Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө үчүн суу кое берилген. Бул Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси начарлаган учурга туш келгендиктен, аны ошол жагдай менен байланыштыргандар да чыккан. Киров суу сактагычынын сыйымдуулугу 550 млн. куб метр.

Кыргызстан суу сактагычтагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат. Калган бөлүгүн келишимдин негизинде Казакстан колдонот. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG