Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Авиакомпаниялар авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык аудиттен өтөт


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелеринин техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

- Атамекендик авиакомпаниялардын учактары менен техникалык бузуулардан улам лайнерлер конууга мажбур болгон алты олуттуу окуя болуп өткөн. Мындайга жол бербөө керек, себеби жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда. Буга байланыштуу мен атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелери үчүн авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга дал келүүсүнө карата эл аралык аудиттен өтүүлөрүн талап кылам, -деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул багытта сунуштарды тез арада кароого киргизүү тапшырмасын берди.

"Авиатрафик" компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конууга аргасыз болгон. Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG