Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Адистер "булганган шире сатылат" деген дүкөндү текшеришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери Бишкекте "түбүндө түрдүү аралашма табылды" деген шире сатылган дүкөндү текшерип чыгышты.

Лабораториялык шартта жүргүзүлгөн микробиологиялык жана физикохимиялык изилдөөнүн жыйынтыгында ал дүкөндөн алынган алма ширеси таза экени аныкталды.

Бишкектеги майда дүкөндөрдүн биринде сатылган “Солнечный” аттуу алма ширеси куюлган тетрапакеттин ичи ар кандай аралашмага булганганы тууралуу видео кечээ "WhatsApp" аркылуу тараган болчу.

Адистер бул тасманын аныктыгына далил табылбаганын билдиришти.

Ошону менен катар алар ширенин идишинин оозу ачылгандан кийин бир сутка аралыгында ичилиши керек экенин, андан өтүп кетсе ден соолукка зыян келтирүүчү жагдай пайда болушу ыктымал экенин белгилешти. (RK)

XS
SM
MD
LG