Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Ливияда мунай компаниясынын кеңсесине кол салуу болду


Ливиянын мамлекеттик мунай компаниясынын кеңсеси. 10-сентябрь, 2018-жыл.
Ливиянын мамлекеттик мунай компаниясынын кеңсеси. 10-сентябрь, 2018-жыл.

Триполиден түшкөн кабарларга караганда, Ливиянын улуттук мунай компаниясынын кеңсесинен түтүн чыгып жатат. Имаратка согушкерлер кол салганы кабарланууда.

Ливия обсерваториясы аттуу уюмдун маалыматы боюнча куралчандар имаратка чабуул койордун алдында коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан.

Жергиликтүү “Алаан ТВ” телеканалы болсо “Ислам мамлекети” террордук тобунун бир нече согушкери улуттук мунай компаниясынын кеңсесине кирээр алдында бир нече бомба жардырышканын да кабарлады. “Рейтер” агенттиги учурда аймактан жардыруулардын үнү угулуп, коопсуздук операциясы жүрүп жатканын маалымдоодо.

Согушкерлердин чабуулдары маал-маалы менен болуп турган Триполиде ушул айдын башында атаандаш куралдуу топтор ортосунда уруш чыккан. Ал эми май айында Улуттук шайлоо комиссиясынын кеңсесине жасалган чабуул үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG