Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Илон Маск “Тесланын” директорлор кеңешинин төрагалыгынан кетет


Илон Маск.
Илон Маск.

“Tesla” компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск ишкананын директорлор кеңешинин төрагалыгынан кетет. Мындай чечим бизнесмендин АКШнын Баалуу кагаз жана биржалар боюнча комиссиясы менен макулдашуусунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Эми бул макулдашууну сот бекитиши керек. Ага ылайык, Маск компаниянын башкы директору кызматын сактап кала алат. Бирок 45 күндүн ичинде директорлор кеңешинин төрагалыгынан кетип, үч жылга чейин бул кызматты ээлей албайт.

Буга чейин АКШнын Баалуу кагаз жана биржалар боюнча комиссиясы Илон Маскка карата териштирүү иштерин баштаган. Буга Масктын "Tesla" компаниясынын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны жеке менчикке өткөрүп алууну көздөөрүн "Твиттерге" жазганы себеп болгон.

Кийин Илон Маск бул планынан баш тартканын жарыялаган. Бирок белгилүү инженердин бул билдирүүсү компаниянын акцияларынын жогорулашына алып келген. Американын расмий органдары Масктын бул кадамы “алдамчылык максатын көздөгөн” деп шектенүүдө.

“Tesla” компаниясынын негиздөөчүсү болсо өзүнө коюлган айыптарды четке какканы менен 20 миллион доллар айып төлөөгө макул болду.

"Tesla" – электромобилдерди өндүргөн алдыңкы америкалык компания. Ал 2003-жылы негизделген жана дүйнөгө белгилүү электротехник, физик Никола Тесланын атын алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG