Бишкектин тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаардык мэриянын басма сөз өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады.
- Биз азыркы учурда күйүүчү майдын жана транспорттун тетиктеринин баасы өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бирок маршруттук транспорттун жол акысын жогорлатуу жараянын толугу менен монополияга каршы комитеттин талаптарына ылайык, анализ жүргүзгөн соң гана көтөрө баштайбыз. Ал кеминде үч-төрт айга созулат, - деген Гуля Алмамбетова коомдук транспорттун жол киреси көтөрүлбөй турганын кошумчалады.
Ал жакынкы арада коомдук транспортко электрондук билет системасы киргизилерин, анда жол акы 8 сомдон өйдө көтөрүлбөсүн айтты.
Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Бүгүн мэриянын өкүлдөрү ал компаниялар менен жолугуп, аларга да билет алуу системасын киргизүүнү, маршруттук транспортту дезинфекциялап турууну сунуш кылышат. (KR)