Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялоо мыйзамы экинчи окууда жактырылды


Бишкектин активисттери майыптар үчүн орнотулган пандустардын жарактуулугун текшерүүдө.
Бишкектин активисттери майыптар үчүн орнотулган пандустардын жарактуулугун текшерүүдө.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгону менен парламент ушул күнгө чейин аны бекитип бере элек.
Конвенциянын ченемдерин ишке ашырыш үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга 1 миллиард 575 миллион сом, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга 5 миллиард 72 миллион сом керектелет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы майыптардын саны 181 миң адамды түзгөн. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. (KR)

XS
SM
MD
LG