Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Рейтинг: Борбор Азия боюнча Кыргызстанда бензин кымбат сатылат


Күйүүчү май ташыган автоунаа.
Күйүүчү май ташыган автоунаа.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинде бензин эң кымбат сатылган өлкө - Кыргызстан. Америкалык "Global Petrol Prices" аналитикалык басылмасы күйүүчү майдын баасы төмөн өлкөлөрдүн рейтингин 14-январда жарыялады.

Анда Кыргызстанда бензиндин орточо баасы 65 цент деп берилген. Өзбекстанда 54, Казакстанда 48, Түркмөнстанда 43 цент. Тажикстан бул рейтингге кирген эмес. Тажикстандыктардын айтымында, аларда бензиндин баасы 73-77 центтин тегерегинде.

Маалымат боюнча, учурда дүйнөдө бензиндин бир литри 1,17 доллардан сатылууда.

Рейтингде күйүүчү май эң арзан мамлекет - Венесуэла, ал жакта күйүүчү майдын литри 1 цент. Эң кымбаты - Зимбабве, ал жакта күйүүчү майдын баасы 3,31 долларга барабар. 

Кыргызстандын өз валютасына ылайык, азыр күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда. 

 

XS
SM
MD
LG