Москванын чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 4-февралда чыккан өрттөн бери дегенде сегиз адам өлдү. Алардын экөө балдар экени кабарланды.
Никитск сейил багындагы үйдөгү батирлердин биринде башталган өрт андан ары тутанып, үйдүн бир бөлүгү кулап түшкөн.
Жергиликтүү булактардын кабарлары боюнча, үй 1912-жылы салынган жана 100 батири болгон.
Агенттиктер бул үйдө Орусиянын атактуу кишилери, актриса Ангеборг Дапкунайте, сүрөтчү Никас Сафронов, дирижер Юрий Башметтин кызы Ксения Башмет жашаганын жазышты.
Кырсыктын себептери азырынча беймаалым, териштирүү жүрүп жатат.