Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Пентагондун башчысы Иракта америкалык аскерлердин турушун талкуулайт


АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Кабулд. 11-февраль, 2019-жыл.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Багдадга келип, америкалык аскер башчылары жана Ирактын бийлиги менен Сириядан америкалык күчтөр чыгарылгандан кийин алардын бул өлкөдө канча турарын талкуулайт.

12-февралда Шанахан Багдадга алдын-ала кабарлабай туруп Ооганстандан учуп барды. Президент Трамп ушул айдын башында Иранга жакындан көз салып туруш үчүн америкалык күчтөрдү Иракта кармап туруу канчалык маанилүү экендигин белгилеген.

Ирактын президенти Бархам Салих өлкөнүн конституциясы Иракты коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгына же коопсуздугуна коркунуч жараткан база катары колдонууга тыюу саларын айткан.

АКШнын 5200дөн ашуун аскери Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктырып жүрөт.

Шанахан: “Бул өлкөнүн чакыруусу менен Ирактын коопсуздугун бекемдөө кызыкчылыгынан улам келгенбиз”, – деди кабарчыларга. “Мен алардын өз оозунан эмне ой-мүдөөсү жана саясий маселелери бар экендигин уккум келет. Ошого жараша биз өз планыбызды түзөбүз”, - деди Пентагондун башчысы.

Былтыр 19-декабрда президент Трамп Сирияда араб жана күрт кошуундарына көмөк көрсөтүп жүргөн 2 миңдей америкалык аскер мекенине кайта турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG