4 -мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер: кыска мөөнөттүү жана келечектүү пландарды талкуулоо» деген темада тегерек үстөл өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты - мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүп, конфессия аралык ынтымакты бекемдөө, радикализмдин жана экстремиздин алдын алууда чогуу иш алып баруу. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешовдун жыйында билдиргени боюнча, конфессия аралык диалогду өнүктүрүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун ролун күчөтүү зарыл.
- Биздин максат - конфессия аралык диалогду өнүктүрүү. Дин жаатындагы маселеде демократиялык принциптерди сактоого милдеттүүбүз. Ар бир жаран диний жана башка ишенимдерин эркин тандоого укуктуу. Биз алардын тандоосун сыйлашыбыз керек, - деди Эргешов.
Иш-чара Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 23 жылдыгына карата уюштурулду. Бул институт 1996-жылдын 4-мартында өкмөт башчынын жарлыгы менен түзүлгөн.
Дин комиссиясы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана аны жүзөгө ашырып, жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыз кылат. Баш мыйзамга ылайык ал мамлекет менен диний уюмдардын мамилесин координациялап, диний уюмдарды каттайт. (ZKo)