Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Орусияда «фейктердин» жазасы күчөтүлдү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусияда көптөгөн каршылыктарга карабай талаштуу мыйзамдарга кол коюлду. Эми бийликке, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерге жана "фейк" маалыматтарды тараткандарга жаза күчөтүлөт.

Мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда аны бир катар мамлекеттик мекемелер да, укук коргоочулар да сынга алган. Бирок Кремль жаңы мыйзам цензураны күчөтөт деген кооптонууларды четке кагууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон эки мыйзам 18-мартта өкмөттүн укуктук маалыматтар порталына жарыяланды. Биринчиси Интернетте такталбаган маалыматтарды тараткандарга берилчү жазаны өз ичине камтыйт.

Ага ылайык, "фейк маалымат таратты" деп эсептелгендер 100 миң, кызмат адамдары 200 миң, юридикалык тараптар жарым миллион рублга чейин айыпка жыгылат. Мыйзам бузуу кайталанды деп саналган учурда юридикалык тараптар 1,5 миллион рублга жакын айып төлөйт.

Экинчи документтин негизинде "бийликке акарат келтирди, мамлекеттик символдорду шылдыңдады деп табылгандар" 100 миң рублга чейин айыппулга жыгылып же 15 күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынышы мүмкүн. Кайра мыйзам бузган учурда айыппул 200 миң рублга жетиши ыктымал.

Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас, депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин иштеп чыккан документтер топтомун парламент 7-мартта кабыл алып берген.

Андан кийин аны Федерация кеңеши жактырган. Андрей Клишас өз демилгесин жалган маалыматтарды чектөө аракети деп түшүндүрдү:

"Бул чөйрөнү жөнгө салуу керек, азыркыдай абалда калбашы зарыл. Ар кандай, чындыкка жатпаган билдирүүлөр жарыяланган учурлар болгон. Ошолорго мыйзамдык чектөө болушу керек".

Мыйзам долбоорлору талкууланып жаткан кезде укук коргоо уюмдары менен катар орус президентине караштуу Адам укугу боюнча кеңеш да аны четке кагууга бийликти, парламентти чакырышкан.

Адам укугу боюнча кеңештин мүчөсү Екатерина Шульман документтерди кайра иштеп чыгууга үндөп келгендердин бири. Ал кол коюлган мыйзамдар ар кандай максатта колдонулушу мүмкүн деп чочулап жатат:

"Алар так эмес. Бул жагдай мыйзамдарды өзүмбилемдик менен колдоно баштоого жол ачат. Мисалы, жалган маалыматты атайын жаман ниетте таратканы кандай жол менен далилденет?"

Укук коргоочулар жана журналисттер документте кандай маалыматтар "фейк" деп эсептелине турганы так жазылбай калганын жана ал сөз эркиндигин чектей турганын айтып жатышат. Бул мыйзамдар президент кол койгондон жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Орус бийлиги жаңы мыйзамдар цензураны күчөтөт деген сынга макул эмес. Соңку кезде Орусияда бир катар мыйзамдар сунушталып, талаш-талкууларга жем таштады.

Коомчулукта Интернетти жөнгө салуу, орусиялык сегментти дүйнөлүк желеден өчүрүү тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу аракеттери да жүрүп жатат. Аны да Клишас баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. 10-мартта бир нече шаарда чексиз жана эркин Интернеттин болушун талап кылган акциялар уюштурулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG