Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Казакстан: БШК президенттик шайлоого 12 млрд. теңге сурады


Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды санаш үчүн бюллетендерди чыгарып жатышат. Уральск, 7-август, 2017-жыл.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды санаш үчүн бюллетендерди чыгарып жатышат. Уральск, 7-август, 2017-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 12 миллиард теңге (30 миллион доллардан ашык) сурады. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министринин орун басары Берик Шолпанкулов Сенаттын 11-апрелдеги жыйынында билдирди.

«Бүгүн БШК шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге бөлүп берүүнү өтүндү. Азыр талдоо жүргүзүп, болжолдуу чыгымдарды эсептеп жатабыз. Жыйынтыгында бул сумма азайышы да мүмкүн», – деди Берик Шолпанкулов.

Анын айтымында, суралган сумманын 70 пайызы шайлоо тилкелеринде эмгектенген адамдардын айлыгына берилет. Финансы министрлиги эки күндүн ичинде чыгымдар боюнча талдоону аяктап, акыркы чечим чыгарууну пландап жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдагы президенттик шайлоого беш миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган.

9-апрелде мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев элге кайрылып, 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген.

БШКнын календарлык планына ылайык, талапкерлерди каттоо 11-май күнү саат 18:00дө аяктайт.

XS
SM
MD
LG