Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Орусияда тыюу салынган улутчул кыймылдын мүчөлөрү соттолду 


«Артподготовка» кыймылынын акциясы. Новосибирск. Ноябрь, 2017-жыл.
«Артподготовка» кыймылынын акциясы. Новосибирск. Ноябрь, 2017-жыл.

Орусиянын Новосибирск шаардык соту өлкөдө тыюу салынган «Артподготовка» улутчул кыймылынын үч мүчөсүнө карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, «массалык башаламандык уюштурууну максат кылган» деп айыпталган мурдагы милиция кызматкери Александр Комаров үч жылга жалпы тартиптеги колонияга кесилсе, Анатолий Плотников шарттуу түрдө эки жыл алты айга соттолду. Ал эми Вячеслав Добрынин психиатриялык ооруканага дарыланууга жиберилди.

Аталган кыймылдын жүздөгөн мүчөлөрү 2017-жылдын 5-ноябрында, 1917-жылдагы революциянын 100 жылдыгын утурлай Москвада жана башка шаарлардагы демонстрацияларда кармалган. Мындай акция Новосибирск шаарында да өтүп, он чакты киши камакка алынган.

Кыймылдын Кремлди сындап жүргөн жетекчиси Вячеслав Мальцев ошол кезде «бул күн президент Владимир Путиндин бийлигин кулатууда жаңы революциянын башталышы» деп билдирген.

Өзүн «улутчул жана анархист» деп атаган Мальцев кийинчерээк «Азаттыктын» орус кызматына Франциядан саясий башпаанек алганын кабарлаган.

2017-жылдын майында ага сырттан «экстремизмге ачык чакырык таштаган» деген айып коюлуп, «Артподготовка» уюмунун ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG