Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Кытайдагы мусулмандар азаптан арыла элек


Кытай. Шинжаң-уйгур автоном району.
Кытай. Шинжаң-уйгур автоном району.

Аңдуу, текшерүү, тарбия лагерлери, мажбурлап кармоо. USCIRF Кытайдагы мусулмандар, анын ичинде кыргыздар диний ынанымы үчүн азап тартып жатканын 29-апрелде жасаган баяндамасына камтыды.

Кошмо Штаттардын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы USCIRF акыркы жылдагы дүйнөдөгү дин тутуу эркиндигине саресеп салды. Анда көбүнесе Азия менен Африкадагы абал талданган. 29-апрелде жарыяланган баяндамада комиссия мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл буруп, Кытайдагы уйгур, казак, кыргыз азчылыктары «тирукмуш зомбулукка» кабылып келатканын белгилейт.

Азапка баткан мусулмандар

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун калкы 2010-жылы 22 миллион чамалуу деп эсептелген. Алардын теңине жакыны уйгурлар. Чөлкөмдү жүз миңдеген казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар да байырлашат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, 2017-жылдын апрелинен тартып Шинжаңда 800 миңден 2 миллионго чейин мусулман кайра тарбиялоо лагеринде мажбурлап кармала баштаган. Адегенде алар атайын аңдууга алынган.

«2017-жылдын декабрынан тартып Шинжаңда «Кошул жана бүлө бол» программасы иштей баштаган. Анын алкагында миллиондон ашуун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мусулман үй-бүлөлөрү менен ар эки айда кеминде беш күндөн жашайт. Ар бир үй-бүлөнүн идеологиялык көз караштарын баалап, кандай гана диний иш-аракеттери болбосун кабарлап турушат», деп жазылат Кошмо Штаттардын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясынын баяндамасында.

Андан ары кармалган үй-бүлөлөр бөлүндү болгону, эң кейиштүүсү бири-биринин өлүү-тирүүсүнөн кабары жок экени баса белгиленет:

«Мамлекеттик көзөмөлдөн корккондуктан үй-бүлөлөр бири-бири менен байланыша албайт. Ошентип жакындарынын дайын-дареги, өлүү-тирүүсү тууралуу кыпындай да маалымат билбеген уйгур мусулмандарына эсеп жетпейт».

Кармалгандардын арасында дарыгерлер, профессорлор, ишкерлер жана башка кесип ээлери бар. Айрымдары эң катаал жазага кириптер болушкан.

«2018-жылдын ноябрында кытай соту белгилүү уйгур ишкери жана филантроп Абдугапар Абдырасулду Меккеге уруксатсыз зыяратка барганы үчүн өлүм жазасына өкүм кылды», деп жазылат баяндамада.

Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссия Шинжаң-Уйгур автоном облусунда миңдеген мечит жабылганын же бузулганын, борбору Үрүмчүдө дүкөндөр менен тамактануучу жайларда «адал» терминин колдонууга тыюу салынганын белгилейт.

Баяндамада АКШ, Британия жана Түркия өңдүү чет өлкөлөрдүн бир ууч тобу «кескин сындашканы» менен Кытай өкмөтү кандайдыр бир кесепеттерге туш болбогону жазылган:

«Зомбулук күчөп жатканына карабастан, эл аралык коомчулук Кытайдагы уйгурлар жана башка мусулмандар туш болгон көрүнүштүн алдын алуу мүмкүнчүлүгүн трагедиялуу түрдө колдон чыгарды».

Кытай лагерлер бар экенин танбайт

Кытай өкмөтү адегенде мындай лагерлер бар экенин танып келген. Кийин ал жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

Расмий Бээжин чет өлкөлүк дипломаттарды жана журналисттерди ал лагерлерге чакырып, «тарбияланып» жаткандарды да көрсөткөн. Бирок мындай аракеттер эл аралык коомчулукту ынандырган жок.

USCIRF АКШ Конгресси тарабынан түзүлгөн. Баяндаманын соңунда ал Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментин жана Конгрессти Кытайдын бул саясатына каршы чара көрүүгө чакырды. Комиссия соода-экономикалык, дипломатиялык мамилелер аркылуу таасир этүү жолдору бар экенин белгилейт.

Бир жарым ай мурда АКШ Мамлекеттик департаменти да диний кырдаал тууралуу жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда да Кытайда уйгурлар жана башка мусулман элдери атайын лагерлерге камалып, улуттук жана диний негизде тазалоо жүрүп жатканы белгиленген. Мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтон бул укук бузуу фактыларына тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция салуунун жолдору караштырылып жатканын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG