Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Ошто дудук адамдар укугун коргоону талап кылып чыгышты


Дүлөй адамдар үчүн видеоматериалдардан алынган сүрөт.
Дүлөй адамдар үчүн видеоматериалдардан алынган сүрөт.

6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында кулагы начар уккан жана дудук адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Аянтка чогулган элүүдөй киши жергиликтүү бийликтен өз укуктарын мыйзам чегинде коргоп берүүнү талап кылды. Акциянын катышуучулары менен мэриянын өкүлдөрү жолугуп сүйлөштү.

Нааразылык акциясына чыккандар өткөн жумада Алайда жергиликтүү тургундар үч дүлөй жигитти бала уурдаган деп айыптап, тепкиге алган окуяны мыйзамдуу териштирүүнү бийликтен өтүнүштү.

Бир нече күн мурун Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти бала уурдаган деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай, ур-токмокко алынганын маалымдаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы аларды тепкиге алган айыл тургундарынын үстүнөн иликтөө иштерин баштаган.

Статистикалык маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстанда кулагы начар уккан жана дудук адамдардын саны 5 миңден ашат. (MdN)

XS
SM
MD
LG