Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Казакстан Кытайдын ички ишине кийлигише албай турганын билдирди


Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кашкар шаарындагы «тарбиялоо лагерлеринин» бири. Январь, 2019-жыл.
Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кашкар шаарындагы «тарбиялоо лагерлеринин» бири. Январь, 2019-жыл.

«Азаттыктын» казак кызматы жазып чыккандай, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы «тарбиялоо лагерлеринде» канча казак бар экенин билбей турганын жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Нур-Султан Кытайдагы казактар боюнча маселеге кийлигишүүгө укугу жок. Алар «кытай жарандары болуп саналат».

Ошондой эле анда Кытайдагы казактардын тарыхый мекенине киришине көбүнчө алардын «Кытайдын миграциялык мыйзамдарын бузганы» себеп катары көрсөтүлгөн. «Миграциялык режим бузулбаган учурда Кытай казактардын өлкөдөн чыгып кетишине эч кандай тоскоол кылбайт» деп айтылган билдирүүдө.

Кытай Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулмандарга жасалган катаал мамиледен улам эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңдагы саясий лагерлерде 1 миллиондой киши кармалып турганын айтышкан. Кытай ал лагерлер кесип үйрөтүүчү борборлор экенин билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG