Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

ЖК комитети Догоев менен Муканбетовдун талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин кызматына Дастан Догоевдин, экономика министринин кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» комитеттин мүчөсү Таабалды Тиллаев билдирди. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Догоевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суралганы боюнча маалымат берип, ал күбө катары чакырылганын билдирди.

Догоевди бул орунга премьер-министр көрсөтүп жатат. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Дастан Догоевдин ысымы быйыл февралда ачыкка чыккан паспорт жана тендер чырында аталып, УКМКда күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү.

Комитет ошондой эле экономика министринин кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Депутаттар Айыл чарба министрлигинин жетекчилигине Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат башчылыгына Самат Кылжыевдин талапкерлигин карап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG