Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Косовонун Сербия жана Орусия менен мамилеси чыңалды


Косово полициясы Зубин-Поток шаарына жакын жердеги аймакты кайтарып турат. 28-май, 2019-жыл.
Косово полициясы Зубин-Поток шаарына жакын жердеги аймакты кайтарып турат. 28-май, 2019-жыл.

Косово полициясынын операциясы Сербия жана Орусия менен мамиленин чыңалуусуна алып келди. Косовонун армиясы 28-майдын таңынан тартып чөлкөмдөгү сербдер жашаган төрт аймакта атайын операция жүргүздү. Бул кадамдан кийин Сербиянын бийлиги армия менен полицияны күжүрмөн даярдыкка өткөрдү.

Белграддын өнөктөшү Орусия Косовону «чагым кылып жатат» деп айыптады. Косовонун бийлиги операция уюшкан кылмыштуу топторду бутага алганын, бирок анда БУУнун эки өкүлү кармалып, кийинчерээк бошотулганын, анын бири орус жараны болгонун билдирди.

Операция учурунда 20дай киши камакка алынганы, алар негизинен жергиликтүү полиция кызматкерлери экени айтылды. 11 адам жарадар болгону кабарланды. Косовонун полиция башчысы Рашит Калаж негизинен сербдер жашаган аймактагы операцияда кармалган полиция кызматкерлери аткезчиликке шектүү экенин маалымдады.

Рашит Калаждын айтымында, кармалган БУУнун өкүлдөрүнүн бири орусиялык болгон. Бирок алар уюмдун талабынан кийин бошотулган. Полиция алар операцияга тоскоол болууну көздөгөнү үчүн кармалды деп түшүндүрдү. Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово болсо Сербиядан көз каранды эмес экенин бир тараптуу түрдө 2008-жылы жарыялаган. Косовонун эгемендигин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган.

XS
SM
MD
LG