Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Абдраимов: Кабарчы кыз мага кандай кайрылса, ошондой жооп бердим


Туйгуналы Абдраимов.
Туйгуналы Абдраимов.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов облустук администрацияга чогулган активисттер жана журналисттер менен жолугуп, өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берди.

- Мен барсам чын эле 3-4 үйдүн терезеси сынган экен. Камалган балдардын ата-энелери менен сүйлөштүм. Таяк жеген 2 баланын сүрөтүн көрсөттү «Ватсаптан», чын эле уруп, мээси чайкалыптыр. Бирок операция болгон эмес. Кайра келатсам прокурордой болуп алдыман чыгып «кайда жүрөсүз, эмнеге кечиктиңиз» деген тон менен суроо берди. Бир сары кыз экен. Мен да айттым, этикасы жок кызга ошондой жооп бердим. «Апрель ТВга» бердим, «Ала-Тоо 24кө» бердим. Тиги кызга айттым, «сага бербейм, кое тур» деп. Мага кандай кайрылса, ошондой жооп бердим. Ал мага орой түрдө суроо узатты, - деди Абдраимов.

Абдраимов суроо берген журналисттерди «атайын чагым кылууга аракет кылып жатасыңар» деп сынга алды.

Мунун алдында журналисттер жана активисттер Чүй облустук администрациясынын алдында чогулуп, аткаминердин кабинетине кирүүгө аракет кылышты. Алар Абдраимов мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабаганы үчүн, аны иштен кетишин талап кылышууда.

Кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп орой жооп узаткан. Бул окуя тартылган видео Интернетке тарагандан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, анын кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү.

Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөзүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG