Парламенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, «Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамдан ажыратуу жана ага күнөө коюу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору бүгүн, 20-июндагы сессиянын күн тартибине «Ар кандай маселелерден» кийин экинчи болуп киргизилди. Жыйында Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралат.
18-июнда аны Жогорку Кеңештин маанилүү эки комитети удаа карап, колдоп берген. Ага чейин кол тийбестик боюнча депутаттардан түзүлгөн демилгечи топ мурдагы президентке тогуз доомат койгон. Депутаттык комиссия анын алтоо «жүйөлүү» деп эсептеген.
Мурдагы президенттин дарегине карата «бийликти узурпациялаган, Кой-Таштагы үйдүн жерин мыйзамсыз алган, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар айтылып жатат.
Атамбаевдин тарапкерлери бул айтылгандарды «негизсиз» деп, комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирип келет. (NT)