Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Песков: Мэй менен Путиндин сүйлөшүүсү «катаал» болду


Тереза Мэй жана Владимир Путин. 28-июнь, 2019-жыл. Осака, Жапония.
Тереза Мэй жана Владимир Путин. 28-июнь, 2019-жыл. Осака, Жапония.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Солсберидеги ууланууга байланыштуу сүйлөшүүсү «катаал» жана «абдан ачык» болгонун Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Мэй менен Путин 28-июнда Жапониянын Осака шаарында «Чоң жыйырманын» саммитинде жолуккан.

Песковдун айтымында, Путин Мэйге бул маселе боюнча «жетишерлик түшүнүктүү» жооп берген. Бирок Кремлдин өкүлү британ премьери «жоопко канааттанганын айта албай» турганын кошумчалады. Песков ортодогу сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу башка кеп айткан жок.

Орусиянын Чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылдын мартында Солсбери шаарында ууландырылган. Андан тышкары дагы үч британ жараны ууланып, бирөө каза болгон. Расмий Лондон алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» затына уукканын билдирип, буга Кремлди айыптап келет. Орус бийлиги айыптоону четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG