Москвада оппозиция өкүлдөрүн баш калаанын думасына талапкерлердин тизмесине киргизүүнү талап кылгандарды полиция күч менен таратканга аракет кылып, бир канча активистти кармап кетти.
«Азаттыктын» орус кызматы кабарлагандай, 14-июль күнкү акцияга чыккандарды кечки саат сегиздерде тартип сакчылары кармап кете баштады. «Дождь» телеканалы 22, «ОВД-Инфо» басылмасы 38 кишини полиция алып кеткенин маалымдады.
Пушкин аянтындагы митинг оппозиционер Алексей Навальныйдын демилгеси менен уюштурулганы кабарланган. Шаар бийлиги акцияга уруксат бербегендиктен иш-чара «шайлоочулар менен жолугушуу» форматында башталган.
Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары бир катар оппозициялык талапкерлер тапшырган документтерде «жараксыз колдор көп» деп тыянак чыгарышкан.
Орусиянын башкалаасынын думасына шайлоо 8-сентябрда өтөт.