Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Солтон-Сары: жергиликтүү тургундар бийликке талап коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү Нарындын Солтон-Сары кенине барышты.

«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү эл менен сүйлөшүүгө аракет кылышты. Бирок жергиликтүүлөр «кенди иштетип жаткан компаниянын кызматкерлери чыгып кетсин жана техникасын токтотсун» деген талап коюшту.

Эл бул талап түшкү саат 12ге чейин аткарылбаса «Jhong ji Mining» компаниясынын техникасын өзү чыгарарын айтып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-августта Солтон-Сары кенинде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылды.

Компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүүлөрдүн чырынан айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Учурда кендин айланасында 500дөй адам чогулуп турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG