Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Ысык-Көлдө кыз-келиндер арасында волейбол мелдеши өттү


Волейбол боюнча Ысык-Көлдө өткөн мелдеш.
Волейбол боюнча Ысык-Көлдө өткөн мелдеш.

Чолпон-Ата шаарынын ден соолукту чыңдоо борборунда 17-августта кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасынын финалдык таймашы өттү. Аталган иш-чарага Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.

Кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасы 2018-жылы жаш активист Элзира Асылбектин демилгеси менен түзүлгөн. Бул лигада кесипкөй спортчулар эмес, жөн гана волейбол сүйүүчүлөр ойнойт. Лигада 30 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер ойношот.

Буга чейин аталган таймаш Бишкек шаарында жети облустан чыккан командалардын катышуусунда өткөн. Экинчи айлампасы Ош шаарында болуп, финалдык таймаш Чолпон-Ата шаарында өттү. (KS)

XS
SM
MD
LG