Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:55

Жалал-Абадда АКШнын эки жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда мыйзамсыз баңгизат алып жүргөн деген шек менен АКШнын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында аталган адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Машинени текшерүү учурунда кармалган адамдардын биринин сумкасынан 1 килограмм нашаа табылган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Токтогул райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Маалыматтар боюнча АКШнын жарандары ыктыярчы катары Аксы районунда англис тилин үйрөтүп жүргөн. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG