Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Атамбаевдин тарапкери абакта калтырылды


Кой-Таш, 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш, 8-август, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери, 7-8-августта Кой-Таштагы башаламандыкты уюштурууга байланыштуу шек саналган Амантур Жамгырчиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жамгырчиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүү 9-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Окуяларда оор жаракат алган Чүй ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов эмгиче эсине келе элек.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG