Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Аксыда бугулар айылдын жашоочуларын коркутууда


Аксыдагы бугу.
Аксыдагы бугу.

Аксы районунун Чоңтовар-Сай айылына түшүп келген бугулар айыл тургундарын чочулатып жатканын жергиликтүү айылдыктар «Азаттыкка» билдиришти.

Алар тараткан кайрылууда: «Эки жума мурда бир мүйүзү арааланып кесилген бугу айылга келип, мектепке каттаган окуучуларды жана малды кубалап, коркунуч жаратып жатат. Ал түгүл кээ бир автоунааларды сүзүп жиберген учурлар катталды. Бул багытта биз жергиликтүү бийликке жана токой чарбасына кайрылганыбыз менен чара көрбөй жатышат», деп айтылат.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Жаанбаев бугуларды токойго кайтаруу максатында кызматкерлер айылга жөнөп кеткенин, баары көзөмөлдө экенин билдирди.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан 20дан ашуун бугу-маралдын тогузу былтыр июнь айында Аксы районуна караштуу Авлетим коругуна көчүрүлгөн. Эки күн машине менен жол тарткан маралдардын бири Аксыга жеткенде өлүп калган.

Бугу-маралдарды көчүрүү иши «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун алкагында, 2015-жылы актер Леонардо Ди Каприонун фондунун каржылоосу менен башталган. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 427 баш бугу-марал бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG