Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Ирактагы акцияларда соңку эки күндө 60тан ашуун адам өлдү


Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл.
Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл.

Иракта демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынын кесепетинен соңку эки күндө 63 киши көз жумганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Миңдеген адам жаракат алып, ондогон активисттери кармалды.

Ири кагылыштардын бири борбор калаа Багдадга жакын Насрия калаасында болгону кабарланды.

Иракта өкмөткө каршы акциялар бир апта мурун башталган. Андан бери 200дөй адам набыт болду.

Жарандар өлкөдөгү экономикалык кырдаал, электр энергиясынын үзүлүшү, коррупция жана Иранга ыктаган шиит куралдуу топторуна байланыштуу нааразылык билдирип жатышат. Маалыматтарга караганда, демонстранттардын анык лидери жок жана эч кандай саясий күчтөрдүн да колдоосуна ээ эмес.

Ирак бийлиги мурдараак демонстранттарга каршы «зарыл болгондон көбүрөөк» күч колдонулганын моюнга алып, алардын койгон талаптарын көрүп, эсептешип чыгууга убада беришкен.

XS
SM
MD
LG