Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Абылгазиев: журналисттер жоопкерчиликти унутпашы керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүндө алардын таасири зор экенин айтты. Ошол эле учурда журналисттерди коомдун алдындагы жоопкерчилигин унутпоого чакырды. Анын каалоо-тилеги өкмөттүн сайтына жарыяланды.

"Дүйнөгө «fake news» деген тенденциянын жайылышы байкалып жатканын эске алуу менен журналисттер көрүүчүлөрдүн, окурмандардын жана угуучулардын, коомдун алдындагы өз жоопкерчилигин унутпашы керек. Ар бир анык эмес сөз же факт адамдын өмүрүн өзгөртүп, коомдук коопсуздукка, туруктуулукка жана өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизерин эстен чыгарбоо кажет",- деп жазылат өкмөт башчынын 7-ноябрдагы куттуктоосунда.

Абылгазиев өлкөдө сөз эркиндиги менен сыймыктанарын да кошумчалаган.

Кыргызстанда 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү. 1924-жылы ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч гезит - “Эркин тоо” чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG