Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкектеги жарылуу болгон «Антошка» ашканасынын ээсине ушул жылдын 27-февралында айып салынганын кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча, текшерүүдө аталган тез татым жайынын ээси инспекция мурун берген көрсөтмөлөрдү аткарбаганы үчүн Тартип бузуу кодексинин 293-беренесинин («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») негизинде айыпка жыгылып, ал толугу менен өндүрүлгөн.
2019-жылы ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилгендиктен быйыл текшерилген эмес.
8-ноябрда, түштөн оогондо Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, 21 жаштагы жумушчу кыз ошол жерде мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жараат алды.
Саламаттык сактоо министрлиги жараат алгандардын алтоо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, бирөө Балдардын Бишкек шаардык «Тез жардам» ооруканасында дарыланып жатканын кабарлады.
Кырсыкка байланыштуу ашкананын ижарачысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөнүн, өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. (BTo/BCh)