Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:52

Президент диний абалды талкуулады


Ишенимге аяр мамиле кылуу жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов менен жолугушууда айтты.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев жана Бишкек жана Кыргызстан орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епископу Даниил катышты.

Муфтий жана епископ аймактарда конфессия аралык диалогду жакшыртуу, диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессия аралык ынтымак менен сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

21-ноябрда Бишкекте «Ислам жана православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясы өтөт.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG