Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:26

Эстония президенти Финляндиядан кечирим сурады


Финляндиянын билим берүү министри, ички иштер министри, премьер-министр жана финансы министри.

Эстония президенти Керсти Кальюлайд ички иштер министри Март Хельменин сөзү үчүн Финляндия президенти Саули Ниинистёдон 16-декабрда кечирим сурады. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коомдук телерадиокорпорациясы кабарлады.

8-декабрда Финляндияда жаңы премьер-министр, 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришкен. Башкаруучу коалициядагы беш партиянын баарынын лидерлери аялдар, алардын төртөө 35ке чыга элек.

15-декабрда Эстониянын ички иштер министри Март Хельме TRE радиосунда фин өкмөтүнүн жаңы курамын сындаган жана мамлекетке зыян келтириши мүмкүндүгүн айткан.

Ал "Финляндиядагы окуялардан улам төбө чачым тик турду... Кызылдар бийликке чейин келип, фин мамлекетин жок кылганы жатышат",- деген өңүттө сүйлөп, саясатчы айымдарды сындаган.

Парламенттеги оппозиция министрдин айтканынан улам ага ишеним көрсөтпөөнү демилге кылып, ал өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG