3-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо -19…-24, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.