Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Австралиядагы өрттөн улам өкмөткө нааразылык күчөдү


Австралиядагы өрттө 20дан ашуун адам, миллиондогон жаныбар өлдү.
Австралиядагы өрттө 20дан ашуун адам, миллиондогон жаныбар өлдү.

Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт уланып жатат. BBC радиосу табият апаатынан улам жарандардын өкмөткө нааразылыгы күчөгөнүн жазды.

Өлкөнүн коргоо министри Линда Рейнольдс өкмөт токойдогу өрттү басууга резервдеги үч миңден ашуун аскер кызматкери тартыларын билдирген.

Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 20дан ашуун адам, миллиондогон жаныбар өлдү.

6-январда континентте жамгыр жааганы кабарланган.

Тилсиз жоо күчөгөн маалда премьер-министр Скотт Моррисон эмгек өргүүсүнө чыгып, Гаваиге кеткени анын дарегине сынды ого бетер күчөткөн. Декабрдын ортосунда эки ыктыярчы өрт өчүрүүчүнүн өлүмүнөн соң өкмөт башчы шашылыш кайтып келген эле.

XS
SM
MD
LG