Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Сот Айтматовдун түрк элчисинин психикасын текшертүү боюнча өтүнүчүн четке какты


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка карата психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоого макул болгон жок. Мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун мындай экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүн сот 24-январда карап, четке какканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Судья өз чечимине дипломатиялык кызматтагы адам иштеп жаткан чет өлкөдө жазык, жарандык жана административдик жоопко тартыла албастыгы тууралуу 1961-жылдагы Вена конвенциясынын нормаларын жүйө келтирди.

Айтматов сотко түрк элчисинен анын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган болчу.

Экспертиза тууралуу өтүнүч колдоо таппагандан кийин доогер өз арызын дагы толуктап келиш үчүн судьядан убакыт сурады. Кийинки отурум 7-февралга белгиленди.

Айтматов түрк элчиси аны ушактап, каралап жатканын жазып, 2019-жылдын 20-июнда интернет-басылмалар аркылуу ачык кат жарыялаган жана 10 күндүн ичинде кечирим сурабаса «мыйзамдуу кадамдарга барарын» айткан.

Ага чейин түрк элчилиги «ФЕТО менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкүн эмес. Эки жолдун бири тандалышы керек» деген таризде билдирүү тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG