Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Чек арадан жоголгон шаймандын чоо-жайын Аскер прокуратурасы иликтеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын тарамдарынан күндөн кубат алуучу батарейка жоголгону аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Ажиев билдирди. Маалыматка караганда, бул фактыны ушу тапта Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

- Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин көрсөтмөсү менен аскер бөлүктөрүндө жана бирикмелерде 2020-жылдын 11-январында өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мекеменин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тарамдарында күндөн кубат алуучу батарейкалардын жетишпестиги аныкталган. Бул факты боюнча материалдар Аскер прокуратурасына берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. «Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев аны Ош жана Баткен облусунун аймагындагы металл кабыл алуучу жайлардан издөөгө тапшырма берген» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Келтирилген чыгымдын суммасы текшерүүдөн кийин айтылат, - деди Асылкерим Ажиев.

Баткен облустук чек ара башкармалыгынын тарамдарынан жоголгон күндөн кубат алуучу батарейкалардын пайдаланууга бериле электеги баштапкы баасы 1 млн. 750 миң сом экени айтылган. Мекеменин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, жоголгон батарейкалардын иш мөөнөтү аяктаган. (MdN)

XS
SM
MD
LG