Синоптиктердин маалыматына караганда, Кыргызстанда 10-12-февралда аба ырайы кескин өзгөрөт. Буга байланыштуу Гидрометеоборбор шашылыш билдирүү таратты.
Анда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болору, кар күрткүсү пайда болору айтылат.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.
Адистер белгилегендей, мындай аба ырайы энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайлоодо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Автожолдордо көрүнө турган аралык азаят.