Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Жээнбеков: Ишкерлер органдар аларга басым кылып жатканына даттанышууда


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер "укук коргоо жана мамлекеттик текшерүү органдары аларга басым кылып жатышкканын" айтып, даттанганын билдирди.

Мамлекет башчы бул тууралуу 12-февралда Бишкекте, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында айтты.

Жээнбеков аймактарга инвестиция тартуу талаптагыдай жүрбөй жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш, сот, укук коргоо органдары, өкмөт кошулуп бул маселени талкуулап, аны чечүү туурасында сунуш киргизүүгө чакырды.

5-февралда Жогорку Кеңеште талапкерлиги вице-премьер-министрликке жактырылган Эркин Асрандиев алдыда үч багытка бөлүнгөн планы бар экенин айткан.

Биринчиси - Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу маселелер. Экинчиси - инвестиция тартуу, үчүнчүсү - ишкерликти өнүктүрүү. (SE)

XS
SM
MD
LG