Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:41

Түндүк Македонияда 53 мыйзамсыз мигрантты ташыган машине кармалды


Грекия менен Түндүк Македониянын чек арасы. Архивдик сүрөт. Ноябрь, 2015-жыл.

Түндүк Македониянын полициясы түштүк-чыгыш чек ара аймагында 53 мигрантты ташып бараткан оор машине кармалганын бейшембиде кабарлады. Айдоочу адам аткезчилиги менен алектенген топтун мүчөсү деген шек менен камакка алынды. Жүк ташыган машинени алдынкы күнү кечинде Грекия жана Болгария менен чек арага жакын жерде кадыресе текшерүү үчүн токтотушкан.

Полициянын билдирүүсүндө айтылгандай, андагы 37 киши оогандык, 12си пакистандык, экөө Индиядан, бир египеттик жана бир ирандык киши болуп чыкты. Айдоочу 43 жаштагы түндүк македониялык жаран экени маалымдалды. Мигранттар өлкөгө болжол менен Грекиядан мыйзамсыз кирген. Алар Скопье менен Гевгелиядагы убактылуу кармоочу жайларга жөнөтүлдү. Соттон кийин кайра Грекияга депортацияланышы күтүлүүдө.

2015-жылы «Балкан маршруту» деген жол жабылганы менен миңдеген мигранттар аткезчилерге акча төлөп Грекияга, андан ары Батыш Европага өтүүгө аркеттенишет.

Былтыр Түндүк Македониянын полициясы кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 24 миң 500 мигрантты кармаган.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG