Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Мирзиёевдин Москвадагы сапары июнга калды


Путин жана Мирзиёев.
Путин жана Мирзиёев.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин орунбасары Илхам Нематов президент Шавкат Мирзиёевдин февраль айына Москвага белгиленген иш сапары июнга калганын билдирди. Мирзиёев Орусияга 5-февралда бармак.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү мындай жогорку даражалуу сапарды уюштуруу татаал экенин белгиледи.

Медиада жана социалдык тармактарда "Мирзиёев Москвага баргандан кийин Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу ыктымал" деп болжолдонуп жаткан.

Шавкат Мирзиёев Ташкент бул уюмга кошулбай турганын, бирок байкоочу макамын алышы мүмкүн экенин билдирген. Москва альянска мүчө болуу алгач байкоочулук макам менен башталарын айткан.

XS
SM
MD
LG