Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 04:41

Жапония Олимп оюндарын убагында өткөрүүнү көздөп турат


Иллюстрациялык сүрөт.

Жапония 2020-жылкы Олимпиаданы башка учурда өткөрүүнү караштыра элек. Бул тууралуу өкмөттүн башкы өкүлү Йошихиде Суга 18-мартта билдирди.

«Эл аралык Олимпиада комитетинин кечээги билдирүүсүнөн улам биз түшүндүк. Алар Токио-2020 оюндарын өткөрүүдө бардык күчүн жумшарын дагы бир ирет билдиришти»​, - деди Суга.

Эл аралык Олимпиада комитети 17-мартта коммюнике жарыялап, бардык спортчуларды Олимп оюндарына даярдыкты уланта берүүгө чакырган. Ошондой эле ар өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитеттери менен кеңешүүнү улантарын билдирген.

Токио оюндары июль-август айларына белгиленген. COVID-19 пандемиясына байланыштуу март, апрель, май айына белгиленген эл аралык масштабдагы ондогон спорттук иш-чаралар, анын ичинде Европанын футбол чемпионаты да башка мезгилге жылдырылууда.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG