Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:09

«Кыйноого каршы коалиция» коркунучу аздарды абактан бошотууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» уюму коронавируска байланыштуу өкмөткө кайрылып, абакта кармалып тургандарга көңүл бурууга чакырды.

23-мартта уюм тараткан билдирүүдө «абакта кармоонун начар шарттары жана ыкчам медициналык тейлөө кызматынын жоктугу» ал жактагы адамдардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн «катастрофалык кесепетке» алып келиши ыктымал экендиги айтылат.

Ошондуктан коркунучу аздарды, шарттуу түрдө бошотсо боло тургандарды абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу керек экендиги айтылды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Азаттыкка» бул демилге тууралуу комментарий берип, маселе Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечилерин, азырынча аткарууга эч кандай токтом келбегенин, система штаттык режимде иштеп жатканын жана мекемелерге кирүүгө тыюу гана салынганын билдирди.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.

23-мартка карата өлкөдө коронавирус жуктурган 14 адам катталды, алардын бири оор абалда реанимацияда жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG