Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстан: коронавирус дагы 26 кишиден аныкталды


Ошону менен республикада коронавирусту жуктургандардын саны 84 кишиге жетти.

Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

"Бүгүнкү күндө 84 киши болуп калды. Жаңы катталган 26 киши менен байланышта болгондорду тактап, үй карантинине ала баштадык", - деди Мамбетов.

Ошентип республикада коронавирусту жуктургандардын саны 84 кишиге жетти. Алардын ичинен үч киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338 киши.


Буга чейин Кыргызстанда вирус табылгандардын көпчүлүгү ооруну четтен жугузуп алса, акыркы күндөрү өлкөнүн аймагында илдетке кабылгандар көбөйүп жатат.

Чет өлкөлөр демекчи, 27-мартта дүйнөнүн ар кыл бурчтарында СOVID-19ду жугузган беш кыргыз жараны катталган. Алардын үчөө Пакистанга дааватка барып жугузуп алса, бирөө Сауд Арабиясынын Жидда шаарында ооруканада. Дагы бир кыргызстандык Испанияда ооруп калганы маалым болду.

Кыргызстандын бийлиги коронавирусту жайылтпаш үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Анын алкагында 25-марттан бери баш калаа Бишкек баштаган үч шаар менен төрт райондо өзгөчө абал режими уланууда. Бирок буга карабай режимди сактабагандар четтен чыгып жатканын бийлик өкүлдөрү айтып чыгышты.

Эгер мындай кете берсе 24 сааттык коменданттык саат киргизүү муктаждыгы жараларын Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.

Карантин бизнести онлайнга көчүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00


29-мартта коменданттык саат тартибин бузган 150 адам кармалды. Алардын ичинен 115 адам Бишкек шаары, 15и Ош шаары, сегизөө Жалал-Абад шаары, бирөө Сузак району, бирөө Ноокат району, 10 адам Кара-Суу району боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулушту. Төрт күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган.

Өзгөчө абал менен карантин режиминен улам жүз миңдеген адам көчөгө чыга албай калды. Ушундан улам базарда, кафе-ресторандарда күнүмдүк жумуш кылып, киреше тапкан калктын аялуу катмары азык-түлүктөн каржала баштаганы тууралуу маалыматтар келип жатат.


Ал эми дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 30 миңден ашты. Өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү Европага туура келет. Италияда жана Испанияда 29-мартта 800дөн ашык адам вирус козгогон оорудан көз жумду.

Дүйнө жүзүндө COVID-19га 665 миңден ашуун киши кабылды.

Ал эми илдетке чалдыккандардын саны жагынан АКШ алдыда. 29-марттагы маалыматтарга караганда, өлкөдө 124 миңден көп киши вирусту жугузуп алган. Нью-Йорк штатында көрсөткүчтөр абдан жогору болуп жатканына карабай, президент Дональд Трамп Ак Үйдүн коронавируска каршы штабынын сунушутарына таянып, карантин киргизүүгө каршы экенин билдирди. 27-мартта Трамп пандемиянын айынан кыйын абалга туш болгон экономикага жардам берүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Ал арада вирус алгач пайда болгон Кытайдын Ухань шаары эки айлык изоляциядан кийин ачылып, кадыресе турмушка кайтууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG