Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Бишкек коменданты ун комбинаттары боюнча жооп берди


«Акун» ишканасы.
«Акун» ишканасы.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«Окуяны төгүндөйбүз. Жалпыңыздарды маалыматтарга өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам! Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурайм. Биздин кызматтар дайым ар бирине ачык», - деп жазды Орозалиев «Фейсбуктагы» баракчасына.

Орозалиев маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312, 0770 89 55 56 (WhatsApp) деген телефон номурларын калтырган.

2-апрелде Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары бүгүндөн баштап аргасыз жабылганын билдиришкен. Буга себеп катары ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлеринин жумушка келе албай жатканын айтышкан. «Акун» компаниясы - өлкөдөгү эң ири ун өндүрүүчү ишканалардын бири.

25-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында Кыргызстанда Бишкек баштаган үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, бул аймактарда коменданттык саат киргизилип, жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлду. Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG