Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Бишкек: Санэпидборбордун кызматкерлеринен коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун төрт кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, мекеменин алты кызматкери обсервацияда жатат. Калган контактта болгондордун баарынын анализи текшерилип, оору тастыкталбагандыктан алар ишин улантууда.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын жалпы саны 280 болду, алардын төртөө каза тапты. 280 адамдын 34ү медицина кызматкери. (RK)

 

XS
SM
MD
LG