Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

АКШ Ирандын ыдык көрсөткөн кемелерине чара көрөрүн эскертти


АКШнын «Пол Хамилтон» аскердик кемесине жакындап келген ирандык катерлер. 15-апрель, 2020-жыл.
АКШнын «Пол Хамилтон» аскердик кемесине жакындап келген ирандык катерлер. 15-апрель, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда америкалык кемелерге жакындап, ыдык көрсөткөн ирандык аскер кемелерин жок кылууга буйрук берди. Бул тууралуу Трамп 22-апрелде «Твиттерге» жазды.

«Reuters» жаңылыктар агенттиги жазгандай, бир жума мурун Иран революциясынын сакчылары корпусунун 11 кемеси Перс булуңундагы эл аралык акваторияда АКШ кемесине кооптуу аралыкка жакындаган.

Ирандын армиясы АКШ президентинин соңку эскертүүсүнө жооп кайтарып, Трампты андан көрө өз аскерлерин коронавирустан сактап калууга чакырганын ирандык ISNA жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Ак үйдүн шаршембидеги чечими Иран аскердик жандоочун учурганын жарыялагандан көп өтпөй кабыл алынды. Тегеран бир нече айдан берки ийгиликсиз сыноолордон кийин 22-апрелде жандоочун Жердин орбитасына чыгарганын билдирген. Бирок бул маалыматты өз алдынча булактар толук ырастай элек.

Кошмо Штаттар баштаган айрым Батыш өлкөлөрү Иранды космос программасына жамынып, континент аралык баллистикалык ракеталардын үстүнөн иштеп жатат деп айыптап келишет. Иран муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG