Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Орусиянын Борбордук банкы насыя үстөгүн төмөндөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Борбордук банкы коронавирустун экономикага тийгизген таасирин басаңдатыш үчүн насыя үстөгүн жарым пайызга азайтып, 5,5 пайыз деп белгиледи.

Орусияда соңку алты жыл ичинде насыянын үстүнө кошула турган төлөмдүн пайыздык көрсөткүчү мынчалык төмөндөй элек болчу.

Борбордук банктын 24-апрелдеги маалыматына ылайык, быйыл орус экономикасы коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн жана мунайдын арзандашынан улам 4төн 6 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Пандемия башталганга чейин Орусиянын экономикасы 1,5-2 пайызга чейин өсөт деп күтүлүп жаткан.

Буга чейин Эл аралык Валюта Фонду Орусиянын быйылкы ички дүң өнүмү 5,5 пайызга чейин азайышы мүмкүн экенин билдирген.

24-апрелге карата Орусияда COVID-19ду жугузуп алгандардын саны 68 миң кишиден ашты. 615 адам өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза тапты.

XS
SM
MD
LG