Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

Бириккен Араб Эмираттарынан 178 кыргызстандык келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны өлкөгө келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Алар обсервацияга алынганы, кайсы жерге жайгаштырылганы тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 3-10-майда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен дагы эки рейс уюштуруларын билдирген. Баш-аягы Кыргызстанга дагы 280ге жакын киши келет деп божомолдонууда.

Башкы консулдун маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында 3500ге чукул кыргызстандык бар (консулдук расмий каттоодо 2495 киши турганын билдирди).

Кыргыз өкмөтү 21-апрелде аталган өлкөдө Кыргызстанга кетүүгө билет алып авиакаттамды күтүп жаткандарга жатакана жана тамак-аштан жардам берүү үчүн 5 млн. сом бөлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG