«Бишкек шаарынын «Чынар» базарында Мамлекеттик материалдык резерв фондунан берилген ун сатылып жатат» деген маалыматтар чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Матрезервден берилген унду райондук акимчиликтер, жергиликтүү муниципалдык башкармалыктар элге таратууга ыңгайлуу жерди тандап, түшүрүшкөн.
««Чынар» базарына түшүрүлгөн ун - №19 муниципалдык башкармалыкка берилген ун. Ун ал базарга түшүрүлүп, эки күн ичинде ошол жерден аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилген. Сатылган эмес. Мамлекеттик материалдык резерв фондунан гуманитардык жардам катары берилген ун, кумшекер жана башка азыктар эч качан сатылбайт. Ага биз башыбыз менен жооп беребиз», - деди Балбак Түлөбаев.
Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна ун, 90 тонна кумшекер берилген.
Аталган фонддон 7,9 миң тонна ун жалпы өлкө боюнча жакыр жашаган, көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга гуманитардык жардам катары акысыз бөлүнүп берилген.
Социалдык тармактарда Мамлекеттик материалдык фонддон берилген ун базарларда сатылып жатканы тууралуу маалыматтар сүрөттөрү менен жарыяланган. (ZKo)